Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолундагы кырсыктан бир киши каза болду

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 212 | 0

«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1974-ж.т. Т.К.) каза болду.

Мындан тышкары 4 адам жабыркаган. (2 аял: 1989-ж.т. Ч.Ч., 1971-ж.т. Ө.В., 2 эркек: 1963-ж.т. Р.Б., 1963-ж.т. Э.Т.)

Жерине 3 куткаруучу барып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандарды «Тез жардам» унаасы менен Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM