Биз менен байланышыңыз

Бир аптада 315 мас айдоочуга айып салынды

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 172 | 0

Акыркы бир жума ичинде өлкө боюнча 19 миң 605 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Эреже бузгандардын 315и унаасын ичимдик ичип айдаган; 255инин жанында тиешелүү документи жок болуп чыккан; 3 миң 119у ылдамдыкты чегинен ашырып жиберген.

Мындан тышкары 19 айдоочу унаасынын айнегин караңгылатып алган, 1 миң 360 жөө адам эреже бузган. Булардын ичинен 1 миң 138 айдоочунун унаасы айып короого жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM