Биз менен байланышыңыз

Кылмыш жасап качып жүргөн 24 кыргызстандык Орусиядан кармалды

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 546 | 0

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Кыргызстанда издөөдө жүргөн жана өлкөнүн аймагынан чыгып укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын шаарларынан Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1989-жылы Чүй облусунда туулган Б.Р. аттуу жаран кармалган. Ал 2018-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Ошондой эле 1977-жылы Ош облусунда туулган М.А. аттуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. Ал Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан, 2021-жылдан баштап сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) изделип келген.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издеөөдө жүргөн 1975-жылы Ысык-Көл областында туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө болгон. Узак убакыт бою чет өлкөдө жашынып жүргөн.

1990-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Ч. аттуу жаран кармалган. Ал Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан 2009-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси боюнча (КР КЖКнын 1997-ж. редакциясы) козголгон кылмыш ишинин алкагында, издөөдө жүргөн.

1982-жылы туулган коңшу республикалардын биринин жараны кармалды. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун Ички иштер бөлүмү тарабынан 90-беренеси (жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда сыноо мөөнөтүн дайындоо) «сыноо мөөнөтүнүн ичинде жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо» боюнча бөгөт коюу чарасы «камакка алуу» түрү тандалып, изделип жаткан адам кармалган жана Москва шаарынын Тергөө абагына отургузулган. Учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

1991-жылы Ош облусунда туулган Т.К. аттуу жаран кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча (жол кыймылынын эрежелерин жана автомототранспорт каражаттарын бузуу) каралган кылмыштын курамынын белгилери боюнча Ош облусунун Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан. Аталган жаранга карата 2021-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, издөөдө жүргөн.

1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган М.А. аттуу жараны кармалган. Ал 2010-жылы Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен (курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык) козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн ( КР КЖКнын 1997-ж. редакциясы).

1989-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан изделген М.Д. аттуу жаран кармалган. Ал 2007-жылыКылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси менен (кызмат ордун өзү билип калтыруу) козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жарыяланып издөөдө жүргөн.

1973-жылы Жалал-Абад областында туулган, Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2016-жылдан тартып, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында (КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы) изделип жаткан жарандын жайгашкан жери аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Ички иштер бөлүмү тарабынан 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси  менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча) козголгон кылмыш иши боюнча изделип жаткан 1979-жылы Ысык-Көл облусунда туулган С.Ж. жашап жүргөн  жери аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (турак жайга кирүү менен алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө уурулук боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында изделип жаткан 1996-жылы Ош облусунда туулган Т. уулу А., кармалган. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2009-жылдан тартып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1983-жылы Бишкек шаарында туулган, П.И. кармалган. Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен (алдамчылык ири өлчөмдө жасалган) козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.

1967-жылы Чүй областында туулган Ч.Г. аттуу жарандын турган жери аныкталган, ал 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан, кредиттер боюнча карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген. Издөө демилгечисине кабарланды.

Бул иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана укук бузуучуларды издөө жарыялаган Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен бирге маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында ийгиликке ашкан.

Мындан тышкары издөөдө жүргөн адамдардын жарымы балдарын узак убакыт бою багуудан баш тартып, балдарына алимент төлөбөгөндөр болуп чыккан.

ИИМдин өкүлчүлүгү тарабынан издөөдө жүргөн бардык адамдардан алимент боюнча карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелер алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM