Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Женевада сергек жашоону жайылтуу жөө жүрүшүнө катышты

Кыска кабар | 23 мая 2022 | 637 | 0

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус, аймактык директору Ханс Клюге жана башкалар менен биргеликте сергек адаттарды жайылтууну көздөгөн жөө жүрүшкө катышты.

Жөө жүрүш «Бардыгы ден соолук үчүн» жана «Спорт ден соолук үчүн» принциптерин жайылтуу максатында уюштурулууда. Чуркоо, басуу жана велосипед тебүү ден соолукту сактоого чоң салым кошот: жүрөк ооруларын, кант диабетин жана рактын кээ бир түрүн азайтат. Ошондой эле салмакты көзөмөлдөөгө жана психиканы жакшыртууга жардам берет.

Белгилей кетсек, 22-майда Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75- сессиясы башталды. Ага Кыргызстандан да өкүлдөр катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM