Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышууда

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 139 | 0

Бүгүн, 22-майында Швейцариянын Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75- сессиясы башталды. Ага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин делегациялары, анын ичинде Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген делегациясы катышууда.

Сапардын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо максатында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин делегация башчыларынын жолугушуулары пландаштырылууда.

Ассамблеянын отурумунда күн тартибинде саламаттыкты сактоо тутумуна тиешелүү бир катар маселелерди кароо киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM