Биз менен байланышыңыз

Ош шаарына таза суу кайра бериле баштады

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 167 | 0

Ош шаарынын тургундарына таза суу берүү иштери жанданды. Бул тууралуу «Ош шаардык суу канал» ишканасына таянып, Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ош шаардык суу канал» ишканасы билдиргендей, 2-3 сааттын ичинде шаардыктарды суу менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Кечээ Папан суу сактагычына сел суулары агып, Ак-Буура дарыясындагы суу ылайлангандыктан Ош шаарына таза суу берүү токтотулган.

Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу «Ош шаардык суу канал» ишканасы кичи райондорго атайын унаа менен таза суу жеткирип турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM