Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы жол кырсыктан Өзбекстандын бир жараны каза болгон

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 179 | 0

Кадамжай районунун «Чечме» көзөмөл өткөрүү пунктунда орун алган жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнин айдоочусу «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине (прицебине) «Самсунг» үлгүсүндөгү жол сүрүүчү (погрузчик) трактор техникасын жүктөп алып, Баткен районунун Бөжөй айылына селдин кесепеттерин жоюу максатында бара жаткан.

Белгисиз себептерден унаанын тормоз системасы иштебей, унаанын ылдамдыгы төмөндөбөй айдоочу башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында өткөрүү пунктунун тосмолорун бузулуп, көзөмөл постто кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

Кырсыктан 8 киши каза болгон, алардын бирөөсү Өзбекстандын жараны. Ал эми 11 киши денесинен ар кандай жараат алып жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөөсү өзбекстандык.

Ошол эле күнү каза болгондор моркко жеткирилип, аты-жөнү такталып туугандарына өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө денесинен жараат алгандарга соттук медициналык, ал эми жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып жатат.

Тактоо иштери Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM