Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү аныкталды

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 1444 | 0

Коопсуздук эрежелерин сактабай, тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталганын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы кыз, тапанчадан ок аткан видео тараган. Ага коомчулукта нааразылык жаралып, тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигине видео кайрылуу жолдошкон.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын Маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында тапанчадан ок чыгарган кыз 2000-жылы туулган Б.А. аттуу жаран экендиги жана тапанчанын ээси 1985-жылы туулган А.Ж. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодо чагылдырылган окуя мындан беш күн мурда Чычкан капчыгайынын аймагында тартылган.

Учурда аталган фактыга юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM