Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда ири жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 1600 | 0

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Баткен облусунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, “Чечме” өткөрүү постунда Камаз оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөн.

Учурда жабыркагандар жана унаалардын үлгүлөрү такталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкта 7 адам каза болуп, 11 киши жараат алды, 13 автоунаа жабыркады.

ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылган.

Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө тобу жерине барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын тек жайын, жол кырсыгына кабылган автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда.

Бул факт Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM