Биз менен байланышыңыз

Министр Бейшеналиев шыбы урап түшкөн мектептен кабар алды (фото)

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 293 | 0

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы шыбы урап түшкөн мектептен кабар алды.

Министр А.Чымканаев мектебиндеги мугалимдер, окуучулар менен жолугушуп, шыбы урап түшкөн мектептин абалы менен таанышты. Анда Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынары айтылды.

«Билим уябыздын биринчи корпусундагы бир кабинеттин шыбы ураган. Кудайга шүгүр, окуучуларым менен мугалимим аман-эсен, эч кимиси оор жаракат алган эмес», — деп билдирди министр Бейшеналиев.

Ошондой эле, Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, билим берүү тармагындагы жаңылануулар боюнча маалымат берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM