Биз менен байланышыңыз

Аюу-Сай айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү сунушталды

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 409 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар, кооптуу аймакта жайгашкан Аюу-Сай айылынын тургундары менен жолугушту.

Аюу-Сайлыктар менен жолугушууда министр Бообек Ажикеев мамлекет бөлүп берген үйлөргө көчүп, коопсуз аймактарда жашоону сунуштады. Анын айтымында, бул айылга жакын жерде көчкү жүрүү кооптуулугу бар.

Ошондой эле, айыл тургундарына коопсуз жайга көчүү зарылдыгын түшүндүрдү.

Эске салсак, Аюу-Сайда 3 жолу жер көчкү жүрүп, 2017-жылы жүргөн жер көчкү 24 өмүрдү кыйып, 11 турак жай жер астында калган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM