Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстан туризмди өнүктүрүү багытында кызматташат

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 246 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Өзбекстандын туризм жана спорт министри Азиз Абдухакимов менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташуу, туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, пандемиядан кийинки мезгилде ШКУнун бирдиктүү туристтик брендин калыптандыруу жана аны илгерилетүү талкууланды. Ошондой эле жаңы туристтик маршруттарды түзүү жана учурдагы дестинацияларды оптималдаштыруу маселелери, коопсуз туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы буга чейинки туристтик алака жогорку деңгээлде экендигин белгилеп, борбор Азиядагы туристтик дестинацияларды биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилешип бир катар маселелерди да талкуулашты.

Алар чек арадагы өткөрмө пункттарындагы шарттар, виза режими, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо, ММК жана блоггерлер үчүн медиа турларды уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик дарамети тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүгө, зарыл болгон учурда көрнөк-жарнактар менен бөлүшүү макулдашылды.

Азамат Жаманкулов жолугушуу учурунда пандемия учурун эске албаганда эки мамлекеттин ортосундагы бардык тармактарында кызматташуу өз нугунда жүрүп жаткандыгын баса белгилеп, кызматташуунун бардык деңгээлдеги маселелерин чечүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM