Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада экономикалык кризистин айынан мектептер жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2022 | 746 | 0
Өтө курч экономикалык кризиске кабылган Шри-Ланкада күйүүчү май жетишпестигинен улам бардык мектептер жабылды.
Өкмөт «күйүүчү май жетишпестиги жана транспорт каражаттарына байланыштуу көйгөйлөрдөн улам» мамлекеттик кызматкерлерге убактылуу ишке келбей туруусун сунуштады.
16-майда Шри-Ланканын өкмөт башчысы Ранил Викремесингхе мамлекетте бир күнгө жете турган гана бензин калганын айтып чыккан болчу. Бул өлкөдө миңдеген транспорт каражаттары бир канча күндөн бери май куюучу жайларда кезек күтүп турушат.
Буга чейин Шри-Ланка тышкы карыздар боюнча милдеттерин аткара албай калганы үчүн өлкөдө дефолт жарыя кылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM