Биз менен байланышыңыз

Орусия Каспаров менен Ходорковскийди «чет элдик агент» деп тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2022 | 410 | 0

Орусиянын Юстиция министрлиги кечээ, 20-майда шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону Гарри Каспаровду «чет элдик агенттер» деп белгиленген адамдардын реестрине киргизди. Бул тизмеге белгилүү шахматчыдан сырткары ЮКОС мунай компаниясынын мурунку жетекчиси, Кремлдин башкы сынчысы Михаил Ходорковский да кошулду.

Реестрде айтылгандай, Каспаров менен Ходорковский Украинадан «чет элдик акча каражаттарын» алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзүп келет деп шектелүүдө.

Шахматчы Каспаров бул маалыматка карата эч кандай пикир билдире элек. Ал эми Ходорковский Twitter микроблогунда кыскача «Жакшы орустун» паспорту алынды» деп жазган.

Орусияда «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам 2012-жылы пайда болгон. Ошондон бери 450гө жакын уюм жана жарандар бул тизмеге киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM