Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны эл аралык кырдаалдан улам онлайн өтмөй болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2022 | 422 | 0

Президенттин басма сөз кызматы 26-27-майда Бишкекте өтө турган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусундагы жыйындын онлайн форматта өтүү чечиминин себебин түшүндүрдү.

«Иш-чараны видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды», — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Мындан улам Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров төрагалык кылат.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландаштырылган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары ж.б. талкууланат.

Жыйынга Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель да бул жыйынга чакырылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM