Биз менен байланышыңыз

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 10-июнда Нурсултан шаарында өтөт

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 154 | 0

Кечээ, 20-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин видеоконференцбайланыш режиминде кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Арзыбек Кожошев катышты.

ЕЭК Кеңешинин отурумунда 30 маселе каралды.

Алсак, жыйында Кыргызстандын сунушу боюнча Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Чечим атамекендик автомобиль өнөр жайын колдоого багытталган жана транспорттун тибин бекитүүнүн “жөнөкөйлөтүлгөн” жол-жобосун карайт. Ата мекендик өндүрүшчүлөр бул документти ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан сыноо лабораторияларына унааларды жөнөтпөстөн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Евразия экономикалык биримдиги менен эркин соода келишимин түзгөн өлкөлөрдөн ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документтештирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

Товарларга декларация берилгенге чейин чыгаруу үчүн декларацияланууга мүмкүн болгон товарлардын категорияларынын тизмеси кеңейтилди.

2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңеши үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнунда Беларусь Республикасынын Брест шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алдыдагы отурумунун күн тартибин бекитти.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму ушул жылдын 10-июнунда Нурсултан шаарында (Казакстан) өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM