Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Беш миң кыргызстандык Түштүк Кореяда иштей алат

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 376 | 0

Бүгүн, 20-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореядан келген делегация менен жолугушту.

Анда Кыргызстан Түштүк Корея менен эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенип жатканы айтылды.

«Президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун негизинде, министрлик Кыргызстандан эмгек мигранттарынын дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө активдүү чараларды көрүп жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кыргызстандыктарга 5 миң жумуш орунун бөлүп берүү боюнча Түштүк Корея менен келишимге кол коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл Улуу Британияга миң кыргызстандыкты айыл чарба иштерине жөнөтүү пландалган. Ошондой эле Германия менен келишимге кол коюлуп, 200 жарандын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM