Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык IT компания 5 млн долларга бааланды

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 444 | 0

Кыргызстандык Codify Lab IT компаниясы Accelerate Prosperity уюму тарабынан 5 миллион АКШ долларына бааланды.

Codify – инновациялык продуктыларды иштеп чыгууга жана чоңдор менен балдарга IT кесиптерин үйрөтүүгө адистешкен компаниялардын тобу.

Кыргызстандык компания билим берүү, окутуу жана инновациялык программалык камсыздоону иштеп чыгуу аркылуу Борбордук Азияда IT секторун өнүктүрүп келет. Компания 2019-жылы биринчи курс менен IT адистери үчүн Facebook аркылуу ачылган долбоорлорду башкаруу боюнча академия катары негизделген.

Codify Lab компаниясынын түзүүчүсү Динара Руслан.

Учурда компания EdTech, HealthTech, E-Commerce тармагында инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгууда жана Сингапурдагы, Австралиядагы, Улуу Британиядагы кардарлар үчүн ишенимдүү техникалык өнөктөш болуп келет.

Ошондой эле чоңдор жана балдар үчүн иштеп чыгуу, долбоорлорду башкаруу жана дизайн боюнча курстары бар. Мындан тышкары Кыргызстан жана Өзбекстанда IT билим берүү тармагында «Войти в IT» деп аталган масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө.

Accelerate Prosperity – жаңы иш баштаган ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Компания жаштарга жана аялдарга басым жасап, өзгөчө туруктуу чакан жана орто ишканалар, инновациялык стартаптарды колдойт.

Акыркы 5 жыл ичинде 2400дөн ашык бизнести окутууда жана консультация берүүдө колдоо көрсөтүп, ар кандай секторлордогу ишкерлер үчүн 4,4 миллион долларга жакын инновациялык каржылоону камсыз кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM