Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты Украинага 40 млрд долларлык жардам берүүгө макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2022 | 433 | 0

Украинага 40 млрд доллар жардам бөлүүгө АКШ Сенатынын көпчүлүгү макул болду. Эми бул мыйзам президент Жо Байденге кол коюуга жиберилет.

Bloomberg жазгандай, АКШ бөлө турган 40 млрд доллардын $6 миллиарды Украинанын коопсуздук тармагына бөлүнөт. 8,8 млрд доллар экономикалык колдоого каралган. 9,05 млрд доллар Пентагон берген курал-жарак запастарын толуктоого кетет. Ал эми 4 млрд доллар Украинага курал жеткирип жаткан өлкөлөр үчүн берилет.

Ошондой эле тамак-аш жана гуманитардык жардам үчүн ЮСАИДке 4,35 млрд доллар, 700 млн доллар Мамлекеттик департаменттин глобалдык азык-түлүктү каржылоосуна бөлүнөт.

АКШнын өкүлчүлүк палатасы бул мыйзамды 11-майда караган. Бирок Сенатта кароого убактылуу тыюу салынган. Буга сенатор Рэнд Полдун мыйзам долбоорго толуктоо киргизүү талабы себеп болгон. Сенатор Рэнд Полдун айтымында эгер мыйзам долбоор кабыл алынса АКШнын өткөн жылдан бери Украинага бөлгөн жардамынын жалпы суммасы 60 млрд долларга жетет. Бул Мамлекеттик департаменттин бюджетинен да көп сумма, мындай абал өлкөдө инфляцияга жол ачат деп сындап, мыйзам долбоорго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган сенатор. Бирок жыйынтыгында сенатордун сунуштары эске алынган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM