Биз менен байланышыңыз

Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 207 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26- майда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Алдыдагы визиттин алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот.

Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу кызматташууну жолго салуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM