Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жалган «прокурор» кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 596 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 миң сом өлчөмүндө акчасын алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле акча үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM