Биз менен байланышыңыз

Кытай: чиновниктерге чет өлкөдө мүлк сатып алуу, банк эсеби ачууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2022 | 559 | 0

Кытайдын коммунистик партиясы мындан ары өзүнүн же жакын туугандарынын чет элде активдери болгон чиновниктерди жогорку кызматка койбойт. Бул тууралуу  The Wall Street Journal жеке булактарына таянып жазган.

Маалыматта айтылгандай, кытай бийлигинин башында турган партия чиновниктерге чет өлкөдө кыймылсыз мүлк, банк эсептер же ири компаниялардан үлүш сатып алуусуна тыюу салган жашыруун буйрук чыгарган. Мындан сырткары жогорку кызмат адамдарынын жубайы, балдары да чет өлкөдө мүлккө ээ боло албайт. Бирок өтө зарыл себептер болгон учурда гана (окуу, иштөө, дарылануу) чет өлкөдө банк эсебин ачууга уруксат берилет.

WSJ маалыматтарына ылайык, мындай документ Кытай лидери Си Цзиньпин тарабынан кабыл алынган. Ал Батыш кытайлык чиновниктер жана алардын жакындарына карата санкция киргизген учурдагы таасирди азайтуу үчүн ушул кадамга барганы айтылууда.

Си Цзиньпин ушул жылдын январь айында «Жетекчи кадрлар, айрыкча жогорку кызматтагылар жүрүм-турумдарына маани бериши керек. Алар өрнөк болуп, өз жоопкерчиликтерин так аткарып, адал иш жасашы зарыл» — деп айткан болчу.

Ал эми апрель айында АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Венди Шерман Кытай Тайванга бастырып кире турган болсо санкциялар киргизиле турганын айтып, Кытай «Орусия-Украина кризисинен» туура сабак чыгарышына үмүт кылам, — деп билдирген. Буга жооп катары Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ле Юйчэн Кытай санкциялардан коркпой турганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM