Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЖРТны кайсы жерден жана качан тапшырса болот?

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 283 | 0

Кыргызстанда быйыл 103 миңден ашык окуучу 9-классты, 67 миңден ашуун окуучу 11-классты аяктайт.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кабарлады.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 67 миңден ашуун абитуриенттин 47,5 миңи катталган, бул 80%га жакынды түзөт.

Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө үч этапта болот.

-биринчи этап 24, 25-майда:

Свердлов районундагы №4 МГ, №38 ОТК МГ, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК, №94 орто мектептеринин базасында;

— Ленин районундагы № 9 ОТК МГ, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында;

— экинчи этап 27, 28-майда:

Октябрь районундагы №3, №26 ГК, №39, №62 ОТК МГ, №63, №64, №88 мектептердин базасында;

— Биринчи май району боюнча №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТК МГ мектептеринин базасында.

— үчүнчү этап 24, 25-июнда:

— ЖРТ жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM