Биз менен байланышыңыз

26-27-майда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 340 | 0

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу 26-27-майда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей:

-«Манас» аэропортунан Бишкекке кеткен автожол;

-Жибек Жолу проспектиси менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилиши;

-Чүй пр.;

-Манас проспектиси «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин.

«Жолдор эң көп 12 мүнөткө жабылат. Форумга келе турган делегацияларды жол коопсуздугун камсыз кыла турган кызматкерлер коштойт. Биз делегация башчыларынын жана форумдун катышуучуларынын коопсуз өтүшүн камсыз кылабыз. Коопсуздуктун биринчи категориясы катары кээ бир участоктордо жол кыймылы толук жабылат. Биз кыска мөөнөткө гана жолдорду жабабыз. Бул иш күндөрү экенин түшүнөбүз» , — деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев.

27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Саммит видеоконференция форматында болору 20-майда кабарланды.

Арзыбек Кожошев саммитти онлайн өткөрүү чечими акыркы күндөрү кабыл алынганын айтып, себептерин ачыктаган жок.

Мындан тышкары, 26-майда Кыргызстанга расмий сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM