Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкери кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 657 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.Т.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкери тарабынан 1500 АКШ долларын талап кылганы аныкталды.

18-майда Кара-Суу районунун аймагында талап кылынган сумманын 20 миң сомун алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM