Биз менен байланышыңыз

Бишкекте автокран менен жеңил унаа кагышты (видео)

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 470 | 0

Бишкекте 20-майга караган түнү саат 00:40 чамасында автокран менен жеңил унаа кагылышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды башкарып бара жатып, Тыналиев көчөсүнөн солго бурулганда карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “БМВ 530” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада “БМВ 530” унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM