Биз менен байланышыңыз

Ошто «Куттуу эл» биринчи улуттук форуму өттү

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 305 | 0

Ошто 19-майда «Куттуу эл» биринчи улуттук форуму өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Иш-чарада ал учурда коомчулукта актуалдуу делген маселеле катары билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө,  сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Жакында президент Садыр Жапаров «Эл үмүтү» деген жарлыкка кол койду. Ал жарлыкта зирек, умтулган, чет өлкөдө атттуу-баштуу университеттерде окуйм деген студенттерге стипендия бөлүп берип атат»,- деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов  кыргыз элинин каада-салттары жана алардын мааниси тууралуу кеңири айтып берди.

Аны менен бирге, Мамлекеттик катчы кыргыз тили сөз байлыгы боюнча башка тилдерден ашса ашаарын, кем калбасын белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз элинин нарк-насилинин мааниси жогору болгонуна токтолду.

Форумга ошондой эле өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Кыргызстандын дин өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM