Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 385 | 0

19-майда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдун телефон аркылуу сүйлөшүштү. Анда кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM