Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө оор операциялар бекер жасалды

Ден соолук , Кыска кабар | 19 мая 2022 | 7888 | 0

Бишкекте тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга, жүрөктүн оор операциясына муктаж жарандарга алгачкы жолу акысыз операциялар жасалды. Бул саамалыкты Эл аралык медициналык жогорку мектеби менен “Vedanta” клиникасы уюштурду.

Медицина жаатындагы массалык иш-чара , инновациялык кардиохирургия боюнча бешинчи  илимий-практикалык  конференция академик Иса Ахунбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлдү.

Конференцияга Казакстан, Татарстан, Орусиянын бир катари ири шаарлары, Москва, Новосибирск аймактарынан келген дарыгерлер катышып, Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө оор операциялар бекер жасалды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Vedanta” медициналык борборунун директору Гүлмира Биялиеванын айтымында, чет өлкөдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер жаш адистерге мастер-класстарды өтүүдө.

“Кечээ, 18-майда илимий-конференциянын практикалык бөлүгүн өткөрдүк.  Анын алкагында Эл аралык деңгээлдеги чет өлкөдөн келген кардиохирургдар, жергиликтүү дарыгерлердин катышууусунда мастер-класстар өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Бул кардиохирургиялык опрерациялар буга чейин Кыргызтанда жасалган эмес, анткени өтө татаал операциялар болуп саналат. Бул иш чара биздин саламаттыкты сактоо тармагында өтө чоң мааниге ээ. Себеби биздин дарыгерлер тажрыйба алышууда”.

Иш-чарага келген Москвадагы А.Н Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр борборунун илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, Дмитрий Титов «Оор абалдагы, жүрөк клапан эндокардити менен ооругандарды башкаруу” темасында доклад окуду. Ал бүгүнкү конференциянын алкагында 70 жаштагы аялга, жүрөктүн   митралдык клапанынын кемтигине карата операция жасай турганын айтты. «Негизи эле жасалма кан жүгүртүү операциялары жогорку технология менен жасалат. Оор операциялардын катарына кирет. Бишкекке келгенден кийин бул жактагы коллегалар менен биргеликте кеңешип, баардык текшерүүдөн өткөрдүк. Оорулуунун жүрөк клапандарын сактап калганга мүмкүнчүлүк бар. Ал нерсе операциядан кийин антикоагулянтсыз жашоого ошондой эле операциядан кийин оорунун өрчүп кетишинин алдын алат”, — деп кошумчалады.

Ахунбаев атындагы илимий-практикалык конференциянын башкы темасы  тубаса жүрөк ооруларына арналган. Жасалган ар бир операция кайрымдуулук ирээтинде баардыгы  бекер жасалууда.

Новосибирсктеги Мешалкин атындагы медициналык изилдөө борборунун кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Архипов бул иш-чаранын алкагында 4 жаш баланын жүрөгүнө операция жасап, мастер-класс көрсөттү.

«Тубаса жүрөк оорулары баардык жерде эле көп кездешип, аларга операция жасоо абдан актуалдуу болуп келет. Биздин команда 1 жашка чейинки 3 балага, ошондой эле бир жаштан өткөн бир балага  жашоосуна  коркунуч туудурган туубаса жүрөк оорулары менен жабыркаган наристелерге операция жасадык. Операция ийгиликтүү өттү, балдардын абалдары туруктуу болууда. Бирок, бул оору менен жабыркагандар ыкчам хирургиялык жардамга муктаж болушат. Ошондуктан малекеттик деңгээлде өлкө башчы, саламатыкты сактоо министирлиги менен биргеликте балдардын өлүмүн азайтуу максатында балдардын тубаса жүрөк оорусуна өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек”.

18-19 май күндөрү конференциянын  практикалык бөлугү аяктады, эртең, 20-майда Чолпон-Ата шаарында теориялык бөлүгү уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM