Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Инсулин майдын аягына чейин алып келинет

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 158 | 0

Инсулинди жеткирүү аракеттери көрүлүп жатат, майдын аягына чейин инсулин аналогдорунун жана актрапиддин картридж формалары келет, башка инсулиндер үчүн жеткирүү мөөнөтү такталууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, дарынын негизги партиясы 7-июлда келет, 8-июндан кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунунан гуманитардык жардам катары Protofan жана Aktrapid алып келинет.

Учурда кант диабетинин 1-2-баскычтары менен ооруган бейтаптар үчүн өтө чоң дозалары менен инсулин бар, убактылуу таблеткага которулушу мүмкүн болгон бейтаптарга дары тандалып жатат.

«Инсулин толук жеткирилет, бул заводдун өзү жеткирүү убактысын узартканына жана февраль айында тендердин үзгүлтүккө учураганына байланыштуу болууда. Март айынан бери биз эл аралык фонддорго жана өндүрүүчүгө бир нече жолу кат жаздык, алар да ошол жактан мүмкүнчүлүк издеп жатышат, эгер мүмкүнчүлүк болсо эле кошумча бөлүгү эртерээк жөнөтүлөт» , — деди башкы эндокринолог.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буга чейин өлкөдө кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM