Биз менен байланышыңыз

«Китепканадагы түн» акциясы өтөт

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 253 | 0

20-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Жаратылыш дүйнөсүн мен китеп менен ачамын»  аттуу «Китепканадагы түн – 2022» социалдык-маданий акциясы өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара саат 18.00дө башталат. Анда 50дөн ашык иш-чара болуп, 3000ден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Максаты – окуу маданиятын өстүрүү жана жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле  өсүп келе жаткан муундарды жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө, жашыл мураска көңүлүн бурдуруу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM