Биз менен байланышыңыз

«Мага атууга буйрук берилген». Орус аскери украиналык жай тургунду өлтүргөнүн моюнуна алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2022 | 3595 | 0

Орусиялык аскер кызматкери Вадим Шишимарин Украинадагы сот жараянында куралсыз жай тургундарды өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу BBCнин Киевдеги кабарчысы маалымдаган.

Украинанын Прокуратурасынын версиясы боюнча, 28-февралда Суми облусундагы Камиши кыштагында Орусиянын аскер колоннасы украин аскерлери тарабынан окко тутулган. Атышуу учурунда төрт орусиялык аскер башка унаага отуруп, чек ара тарапка качкан. Төрт орусиялык аскердин бири Вадим Шишимарин болгон.

4-майда Украинанын коопсуздук кызматы аскер Шишимарин түшүрүлгөн видеону жарыялады. Анда Лебединский көчөсүндө жергиликтүү тургун Александр Шелипов телефондо сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми орусиялык аскерлер Шишимарин менен анын кесиптеши Пуфаков (ал кийинчерээк каза тапкан) жай тургун алар тууралуу украин аскерлерине маалымат берет деп кооптонуп, аны атып салган. Бул Украина тарап айтып жаткан версия.

Шишимарин ошол окуядан көп өтпөй украин аскерлерине колго түшкөн. Соттогу сурак учурунда Шишимарин жай тургунду атканын мойнуна алды. «Мага атууга буйрук берилди, мен буйрукту аткарып ок чыгардым. Ал жаран ошол жерге кулап түштү. Биз андан ары жолубузду уладык», — деп билдирген соттолуучу.

Орусиянын Коргоо министрлиги Шишимариндин жагдайы боюнча эч кандай маалымат берген эмес. Кремль ал аскер тууралуу жетишерлик маалыматка ээ эместигин билдирген.

Вадим Шишимарин Орусия Украинага кол салгандан бери сот алдына чыккан алгачкы орусиялык аскер. Иркутск облусунда төрөлгөн, учурда 21 жашта. Азыр ага «Согуш мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кеминде 10-15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Сот жараяны ачык өтүп, сот залынан алынган түз эфир украин сотунун ютуб каналында көрсөтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM