Биз менен байланышыңыз

Бишкекте төрт күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 319 | 0

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Эски жабдууларды алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүрөрүн «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

23-майдан 27-майга чейин Бишкектеги газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында, эски жабдууларды алмаштыруу боюнча пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

-Ленин районунун Садырбаев, Гагарин, Омуракунов, Ашар, Л.Толстой көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;

-Биринчи май районун П.Лумумба, Шиш-Төбө, Орозов, Л.Толстой көчөлөрүнүн чектешкен аймагында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM