Биз менен байланышыңыз

Президент Мырза-Аке жетим балдар мектеп-интернатына бир миллион сом тапшырды

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 264 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева 18-майда президент Садыр Жапаровдун атынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Акенин жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатынын директоруна 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.

Майда президентттин катышуусунда футбол боюнча «Мурас» достук турнири өткөн. Турнирде «Президенттин Администрациясы»  командасы жеңишке жетишип, анда Мамлекет башчысы байге фонду кайрымдуулукка жумшаларын билдирген.

Асел Чынбаева социалдык коргоо тутумунун кызматкерлерине эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн, өзгөчө аталган мектеп-интернаттын жамаатына ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM