Биз менен байланышыңыз

Кочкордо жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, 2 киши жабыркады

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 1047 | 0

Кочкордо КамАЗ оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек – Нарын – Торугарт» унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон. Алар: 1999-жылы туулган М. уулу К, 1950-жылы туулган И.К, 2009-жылы туулган С.А. жана 2017-жылы туулган С.А. аттуу эки кыз каза болуп, 1999-жылы туулган М уулу Ы. жана 2006-жылы туулган Д.Ө. атуу эки эркек бала жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM