Биз менен байланышыңыз

Оштун бир катар аймагында сел жүрдү

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 186 | 0

Ош облусунун бир катар аймагында катуу жааган жаандан улам 18-май күнү сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптаган.

Тазалоо иштеринин натыйжасында саат 22:15те унаа жол толук тазаланып ачылган.

Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылында сел суулары 2 турак жайдын жана бала бакчанын жер төлөлөрүнө кирген. Тазалоо иштери 19-май күнү улантылат.

Жоош айыл аймагындагы Калинин жана Кайрат айылдарында, Нариман а/а. Мөнөк айылында сел суулары турак жайларды каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Сарай а/а Эркин айылында жана Савай а/а Октябрь айылында Машрапсай каналында суунун деңгээли көтөрүлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Турак үйлөргө коркунуч болгон эмес.

Алай районунда Кабылан-Көл айыл аймагынлагы Күнгөй айылында саат 20:30 чамаларында катуу жааган жаандын кесепетинен 2 турак жайдын короолоруна сул суулары кирген. Турак жайларга жана адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.

Тазалоо иштери 19-майда улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM