Биз менен байланышыңыз

«Ош» эл аралык аэропортунун шыбы түштү (видео)

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 539 | 0

Бүгүн, 18-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам «Ош» эл аралык аэропортунун шыбы түштү. Бул тууралуу жүргүнчү «Маралга» кабарлады.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, Ош шаарында катуу жааган жаанга байланыштуу таза суу берүү да убактылуу токтотулган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кадамжай шаарында сел жүрүүдө.

Министрлик аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратып, эртең, 19-майда жана 21-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM