Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы сел бала бакчанын жер төлөсүн каптады (видео)

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 247 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн 18-майда саат 13:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Кадамжай шаарында сел жүрдү.

Сел суулары шаардагы «Түштүк» көчөсүндө жайгашкан «Солнышко» бала бакчасынын жана лицейдин, ошондой эле Орозбеков көчөсүндөгү райондук милициянын имаратынын жертөлөсүн каптаган. Мындан тышкары, Звездная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн участкасына суу кирген.

Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жашоочулар сел жүрүп жаткан учурдан видеолорду жиберишти. Алардын айтымында учурда да жаан жаап, борбордук көчөлөрдү суу каптоодо.

тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM