Биз менен байланышыңыз

Бачабаздарды аёосуз жазалоо сунушталды

Саясат | 18 мая 2022 | 806 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кылмыш-жаза кодекси жана Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору каралды. Бул мыйзам зордук-зомбулуктун алдын алуу жана педофилдерге жазаны каталдатууну көздөйт. Башкача айтканда мыйзам кабыл алынса, педофилдерге мунапыс берилбейт. 2021-жылдын статистикалык маалыматтарына ылайык, жыл ичинде жашы жетелектерге карата жасалган 3034 кылмыш-иши тергелген. Алардын ичинен 293ү жыныстык эркиндикке каршы кылмыш болсо, 153ү жашы жетелектерди эрте турмушка берүү болуп саналат. Мыйзам долбоорундагы негизги өзгөрүүлөргө алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Кылмыш-жаза кодекси жана Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору каралды. Бул мыйзам зордук-зомбулуктун алдын алуу жана педофилдерге жазаны күчөтүү максатында иштелип чыкканын жана аларга өмр бою эркинен ажыратуу жазасы каралып жаткандыгын баяндамачы депутат Марлен Маматалиев мындайча түшүндүрдү:

«Бул кылмыш боюнча биринчи кезекте кылмыштын мөөнөтү каралган экен. Башкача айтканда белгилүү бир мөөнөт өткөндөн кийин педофилдер жасаган кылмыш иши үчүн жоопкерчиликке тартылбай келген. Биз бул туура эмес деп ойлойбуз жана качан болбосун ал жазасын сөзсүз түрдө тартыш керек деп киргизип жатабыз. Андан сырткары 68-беренеде өмүр бою эркинен ажыратууну бул жактан алып коюптур, биз өмүр бою эркинен ажыратууну киргизип жатабыз. Дагы бир берене боюнча алар амнистияга да туш болуп калышат экен, ошондой эле мөөнөтүнөн эрте да бошотулуп кетет экен. Биз буларды да жокко чыгарып жатабыз».

Жыйында депутат Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык кастрациядан өткөрүүгө уруксат берген мыйзам киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Казакстанда химиялык кастрацияга уруксат берилген. Кыргызстанда Жоргорку Кеңештин V чакырылышы колдоп, бирок президенттен колдоо тапкан эмес.

«Менин оюм боюнча биз дагы химиялык кастрацияны киргизиш керекпиз. Учурунда мен, Турсунбай Бакир уулу жана башка Жоргорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары киргизип, бирок президенттен колдоо тапкан эмес.  Казакстанда химиялык кастрация киргизилди, биз деле киргизсек туура эле болмок. Керек болсо алар түрмодөн коркпойт, бирок кастрациядан коркушат. Экинчи окууга ушуну чогуу ойлонуп көрөлү, өкмөт жана Башкы рокуратура менен макулдашып». 

Химиялык кастрация көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Батыш мамлекеттеринде да бар. Бирок көбүнчө адамдын өз каалоосу менен ишке ашат. Ал эми хирургиялык кастрация дүйнө жүзү боюнча Чехияда гана жасалат.

Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев зордук-зомбулук көргөн жаш өспүрүмдөрдүн сүрөт, видеолорун социалдык тармакка чыгарууга тыюу салууну сунуштап, ал балдардын келечек тагдырына көбүрөөк маани берилиши керектигин айтты.

«Жашы теле элек жабырлануучуларды кээде социалдык тармактарга чыгарып жатабыз. Социалдык тармактьын баардык түрүнө чыгарууга чектөө киргизип койсок. Кылмышкерлерди чыгаралы, бирок жабыр тарткандарды чыгаруу менен аларга эки эсе сокку болуп жатат. Алар дагы келечекте турмуш куруш керек, ата-энеси, тууган-уругу, коңшу-колоңу бар». 

Депутат Аманкан Кенжебаев жаш өсүрүмдөрдү зордуктаган бачабаздарды текшерүүдөн өткөрүп, психикалык жактан текшерүү учурунда ооруканаларда коррупциялык элементтер башталып жатканын белгиледи.

«Аларга жасалма психикалык жактан «оорулуу» деген документтер жасалып, алар жазасын өтөөдөн кутулуп кеткен учурлар көп болот. ошондуктан алар канчалык оорулу болсо деле жазасын бербейлиби. Ушул жерде коррупциялык элменттерге жол берип жаткан жокпузбу?».

Ага жооп катары Марлен Маматалиев Эгерде мыйзам долбоору коолдоо тапса, педофилдер канчалык психикалык жактан жабыркаса да, ооруканадан чыккандан кийин сөзсүз түрдө жазасын ала тургандыгын айтты.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83.5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. Кыз ала качуу, бойго жете электе никеге туруу, эрте куракта төрөт Кыргызстанда кеңири таралган. Психологдордун айтымында, зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары, зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине да чоң коркунуч жаратат.

Copyright © 2017 Maral FM