Биз менен байланышыңыз

Элчи Түркиядан Баткен өрүгүн жайылтууга көмөктөшүүнү өтүндү

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 388 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев бул өлкөнүн Малатья шаарынын мэри Селахаттин Гюркан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Баткен өрүгүн жайылтууга көмөктөшүү маселесин талкуулады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

14-майда болгон жолугушууда элчи Өмүралиев Баткен жана Малатья боордош шаарларынын ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү зарылдыгын белгиледи.

Түркиянын өрүк өндүрүшүнүн 70 пайызга жакыны Малатья аймагына туура келет жана дүйнөдө өрүк экспорту боюнча 2-орунда турат. Муну эске алуу менен элчи Түркиядан мөмө-жемишти өстүрүү, кайра иштетүү жаатында жаңы технологиялар боюнча практикалык жардам көрсөтүүнү, Баткен өрүгүн экспорттоого көмөктөшүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, Малатьяда жашаган этникалык кыргыздарга көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Акыркы мезгилде иштөө жана билим алуу үчүн аталган шаарга барган жарандардын саны өсүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM