Эртең, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.