Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда кургак учука каршы оорукана жоюлуп, неврология бөлүмү ачылды

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 403 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратка көчүрүлгөн неврология бөлүмү ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери менен бирге медицина кызматкерлери катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл неврология бөлүмүнүн шарттары менен таанышып, аталган бөлүмдө дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алып чыкты.

Бөлүм толук шарттары менен 40 орунга ылайыкташып, 5 дарыгер жана 10 медайым, 10 кенже медайым менен камсыздалган.

Бул жерге бир гана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары эмес Баткен облусунун бардык аймактарынан бейтаптар келип медициналык жардам алып, дарыланышат.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Кызыл-Кыя шаарындагы Кызыл-Кыя кургак учука каршы райондор аралык ооруканасы жоюлуп, ордуна неврология бөлүмү ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM