Биз менен байланышыңыз

Тажик бийлиги Тоолуу-Бадахшанда антитеррордук операция башталганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2022 | 768 | 0

Тажикстандын күч органдары Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун аймагында антитеррористтик операция өткөрүп жатканын маалымдады. Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматта кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү өлкөдөгү коомдук-саясий абалды дестаблизациялоого аракет кылып, Дүйшөмбү-Кульма автотрассасын мыйзамсыз тосуп алышкан деп айтылат. Мындан улам калктын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо үчүн күч органдары антитеррордук операцияны баштаганын кошумчалаган.

Ошондой эле Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусундагы башаламандыкты уюштургандар эл аралык террордук уюмдардан курал-жарактарды алган жана жалданма согушчандарды чакырган, — деп айыпталууда.

Тажик бийлиги муну өлкөнүн конституциялык түзүмүнө каршы чыгуу деп баалап, башаламандыкты уюштургандар тиешелүү жогорку жазаларды аларын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 16-майда Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун аймагында, Хорог шаарында жарандар өлкөдөгү бийликтин аракетине каршы нааразычылыкка чыкканы айтылган. Анда борбор калаа Дүйшөмбү шаарына кеткен негизги жолду тосушуп, күч органдары менен кагылышуу болгон. Расмий маалыматтарда 1 жаран каза болуп, 3 адам жабыркаганы айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM