Биз менен байланышыңыз

Депутат: Ноокенде шыбын таяк менен тиреп койгон мектеп бар

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 237 | 0

Чаткалдагы мектептин шыбынын урап түшкөнү – бул чоң коңгуроо. Бардык мектептерди инвентаризациядан өткөрүү керек.

Мындай пикирин депутат Нуржигит Кадырбеков парламенттин 18-майдагы жыйынында айтты.

Кадырбековдун маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук районундагы орто мектеп авариялык абалда, шыбын таяк менен тиреп коюшкан.

Мындан тышкары, Жазы айылында Акматали Абдыкаримов атындагы мектептин курулушуна көп жыл болгон, ал да авариялык абалда.

Депутат мектептердин абалын текшерүүнү жана балдардын өмүрү менен ойноодон алыс болууну өтүндү.

17-майда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин шыбы сабак учурунда урап түшөн. 18 окуучу менен мугалим Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген. Мугалим шып ураганга чейин окуучуларды класстан чыгарып кеткенге үлгүргөн, бирок мындай абалдан улам айрым окуучулар чочуп калышкан.

18-майда окуучулар үйүнө чыгарылды, мугалим дарылануусун улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM