Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы (потолок) сабак учурунда урап түштү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык катталган жерге 3 куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Кошумча маалымат берилет.