Биз менен байланышыңыз

Муфтият депутаттарды саясий упай топтоо үчүн Куранды курал кылбоого чакырды

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 352 | 0

«Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясий упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!». Бул чакырык Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) тараткан билдирүүдө айтылды.

Муфтият Кудай адам баласын жаратканда, анын жашоо эрежеси катары Куранды түшүргөнүн белгилеп, аны бурмалап, ар кандай кызыкчылыктарга курал катары колдонбоого чакырды.

Ошол эле учурда дин кызматкерлери саясатка аралашпасын, бирок Куранды бурмалоодо унчукпай коё албасын билдирип, ар бир адис өз кесибине ылайык иш жүргүзгөнү туура болорун эскертти.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 11-майда өткөн жыйынында казино ачуу боюнча мыйзам каралып, анда депутат Арсланбек Малиев Курандан сөз болуп жаткан маселеге байланышкан аятты окуп берип, «казиного Куранда да тыюу салынган эмес» деген өңдүү пикирин билдирген. Бул коомчулукта талкуу жаратып, бир катар нааразы пикирлер айтылган.

Төмөндө муфтияттын кайрылуусун өзгөртүүсүз, айрым корректуралык оңдоолор менен бердик:

«Урматтуу мусулман бир туугандар! Алла  Таала адам баласын жараткан соң, «Төрт тарабың кыбыла, башың бош» — деп таштап койбостон, бизге жашоо эрежесин көрсөткөн ыйык Куранды түшүрдү. Андыктан бул жалганда адашпастан туура жашап, акыретке, Алланын алдына жарык жүз менен баруу үчүн Жараткандын сөзүн бурмалабай, тескерисинче, ал жөнүндө кенен маалыматка ээ болуу — ар бир мусулмандын милдети.

Бизге чейинки замандарда ыйык Куран китебин жок кылуу, мусулмандардын колунан биротоло алуу үчүн канчалаган аракеттер болду. Канчалаган ыйык Курандарды өрттөштү, дарыяларга чөктүрүштү, кабырларга көмүштү, бирок жыйынтыгында сан-миңдеген Куран нускалары пайда болду. Бул эле эмес, көкүрөгүндө жат алган Кудайдын сөзү үчүн өмүрлөрүн арнап, ага амал кылып жашаган миллиондогон мусулманды түрмөгө камап, өлтүрүп жок кылышты. Кийин эмне болду билесиздерби? Башка миллиондогон улук зат колунда, тилинде, бир да тамгасын өзгөртпөстөн ыйык Куранды сактап, бүгүнкү доорго чейин алып келүүдө.  

«Алар Аллахтын нурун (тактап айтканда, Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, каапырлар каалашпаса да, Өз нурун (динин ) толо (ар тарапка) жаюучу». (Саф 8)

Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт.

«Албетте, бул эскертмени (Куранды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана эч шек күмөнсүз аны Өзүбүз сактоочубуз» (Хижр 9).

Ар бир адам акылына жараша иш кылуусу керек. Кудай Тааланын мыйзамына каршы чыкпагыла! Аллах айткан нерсени пенде өзгөртө албайт. Ыйык Куранда кайсыл нерсе арам, адал экени 14 кылым мурда эле айтылып, кыяматка чейин сактала берет. Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт.

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясий упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок.

Диндин «Д», Курандын «К» тамгасын билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөнү ким коюптур? Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл жетпеген иште адис менен кеңешүү керек.  Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла!»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM