Биз менен байланышыңыз

«Чүйдөгү унаа кырсыктардын көбү Бишкек — Кара-Балта жолунда катталууда»

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 168 | 0

Чүй облусунда болгон унаа кырсыктардын көбү «Бишкек — Кара-Балта» жолунда катталууда. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү адистер анын себебин 2019-жылы жолду оңдоп-түзөө башталган учурда тротуарларды кеңейтүү максатында жарыктандыруулардын алып салынышынан көрөт. Анын кесепетинен түнкүсүн жөө адамдарды коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын белгилешет алар.

Айта кетсек, 2019-2021-жылдар аралыгында бул тилкеде түнкүсүн 163 жол кырсыгы катталып, андан 58 адам каза таап, 105 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми 2022-жылдын акыркы төрт айында 74 кырсык болуп, андан 12 адам көз жуумп, 96 адам жаракатка кабылган. Мунун 22 фактысы түн ичинде катталган.

Учурда «Бишкек — Ош» жолунун 16-чакырымынан 60-чакырымына чейин тротуар менен кан жолду бөлүү үчүн 2160 темир-бетон мамы жана чырак орнотулган. Бирок белгисиз себептерден улам чырактарды күйгүзүү кечеңдеп жатат.

Бул боюнча Чүй облустук администрациясына, прокуратурасына, Транспорт жана коммуникация министрлигине бир нече жолу кат жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, маселе дале чечилбей келет.

Эгер жагдай жолго салынбаса, оор кырсыктар азайбай турганын эскертет Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM