Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Эл аралык медайымдар күнү» белгиленди

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 939 | 0

Бүгүн, 12-майда Кыргызстанда Эл аралык мээрман айымдар күнү белгиленди.

Медайымдардын бүгүнкү майрамы Улуттук госпиталдин жамаатынын куттуктоосу менен башталды. Мээрман айымдарга ардак грамоталар тапшырылып, ар бир бөлүмдѳ талыкпай эмгектенген адистер сыйлыктарга ээ болушту.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев медайымдардын айлыгы көтөрүлгөндүктөн, алардын жумушка болгон кызыгуусу артып жатканын айтты.

«Быйыл адамдардын маанайы жакшы, айлык акыларыбыз жүз пайызга көтөрүлдү, иштөө шарты уламдан улам жакшырууда. Мээрман айымдардын ишке кызыгуусу артып, ишке кайтып келишүүдө» , — деди ал.

Иш чарага ырчылар жана бийчилер келип, медицина кызматкерлерине чакан концерттик программаларын тартуулашты.

Майрамды белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы эң биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Крым согушу учурунда баса белгиленген.

Флоренс Найнтингейлдин урматына анын туулган күнү мээрман айымдардын күнү катары белгиленип калган. Кыргызстанда бул күн 1993-жылдан бери белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM