Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунун аппарат башчысынан кош жарандык аныкталды

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 327 | 2

Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысынан кош жарандык аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жарандыгын жана дипломун текшерүү иштеринин алкагында аппарат башчы У.А.У. Кыргызстандын да, Орусиянын да жараны экени тастыкталган.

Айта кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. облустук администрациянын коргоо жана укук тартиби башкармалыгында кызматкер болуп турганда ага мамлекеттик сырды билүү укугу берилген. Ал учурда У.А.У башка өлкөнүн да жараны экенин жашырып койгон.

Далилдүү фактыларга ылайык, 26-апрелде У.А.У. мамлекеттик сырды билүү укугунан ажыратылып, токтоосуз кызматтан алуу сунушу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө жөнөтүлгөн.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 15-беренеси боюнча башка мамлекеттин да жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштей албайт. Ошол эле учурда анын кош жарандыгы аныкталган күндөн тарта кызматынан токтоосуз алынууга тийиш.

Айта кетсек, Баткен облустук администрациясынын аппаратын Ураимов Алихан Ураимович жетектейт.

2 пикир

2 пикир

  1. Наргиза

    12.05.2022 15:21

    ӨКМ жарандыкты текшерип жатабы?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM