Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу районунда сел жүрүп, 12 үйдү зыянга учуратты

Кыска кабар | 12 мая 2022 | 231 | 0

Кечээ, 11-майда жааган жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрүп, 12 үйдү зыянга учуратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районундагы «Ош — Сары-Таш — Эркештам» унаа жолунда сел жүрүп, жол боюндагы Кыргыз-Чек, Асан-Чек, Фуркат, Беш-Мойнок айылдарын каптаган. Сел суусу 4 үйдүн жер төлөсүнө, 8 үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 медициналык мекеменин короосуна кирген.

Селди токтотуу, жерин тазалоо үчүн ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн 16 куткаруучу, республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 27 кызматкер 3 мотопомпа менен, ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпа менен барган. Андан тышкары №21 ЖТИ 1 грейдер жана айыл өкмөтү 1 эксковатор берген.

Жасалып жаткан иштер боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM